9-июлдан 10-июлга караган түнү бокс боюнча Кыргызстандын 8 спортчудан турган курама командасы Иорданиянын Амман шаарынан Бишкекке учуп келишти. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди. 52 килограмм салмакка чейинкилер арасында Азат Үсөналиев Азиянын чемпиону болду. Ал эми 56 килограммга чейинки салмактагылар арасында Өмүрбек Малабеков, 64 килограмм салмакка чейинкилер арасында Эрмек Сакенов жана 91 килограмм салмакка чейинкилер арасында Сергей Паренко коло медаль утушту. Жалпы командалык эсепте Кыргызстан курама командасы 4-орунду ээледи. Азия чемпиондугуна жалпы 27 өлкөнүн спортчулары катышты.