Бишкекте иттин өлүмү боюнча алгачкы сот болду

Бүгүн, 31-октябрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда алгачкы жолу иттин өлүмү боюнча сот болду. Доочу Гуля Алмамбетованын SUPER.KG'ге кабарлашынча, белгисиз жаран анын 9 жаштагы баласынын Спайсик деген итин уурдап кетип, кийин өлүгү табылган.

"Бүгүнкү алгачкы сот отурумунда териштирүү иштери каралды. Анда шектүү адам суралып, күнөөсүн моюнуна алды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) менен айып тагылып жатат. Ал эми өлтүрүү фактысы боюнча азырынча берене карала элек экен. Ал үчүн биз дагы бир ирет сотко арыз менен кайрылуубуз керек. Бирок сот азыр каралып жаткан кылмыш ишти аягына чыгарып алуу керектигин айтты. 5-ноябрда сот иши улантылат. Анда тараптар суралып, андан кийин сот чечими угузулат", - деди Алмамбетова.

Гуля Алмамбетова ушул жылдын жай мезгилинде 9 жаштагы уулунун Спайсик деген итин белгисиз жаран уурдап кеткенин айтып, табууга жардам сурап кайрылган.

"Баламдын 3 жашында так эле ушундай породадагы ити бар болчу. Ал сууга агып кетип өлүп калганда Спайсикти кезекке туруп 500 доллардай акчага сатып алып бергенбиз. Спайсик 6 жылдан бери балама бир туугандай болуп калган болчу. Нанды да бир уулум тиштеп, экинчи ити тиштеп чогуу жешчү. Бат-баттан дарылантып, таза кармачубуз. Шектүү да бүгүн сотто "көзүмө жакшы көрүнүп кетип уурдап алган болчумун" деп моюнуна алып жатпайбы. Соттун чечимине ылайык, ал адам 3 жылга чейин эркинен ажыратылат же болбосо, чыгым 3 эсе көбөйтүлүп берилиши мүмкүн болууда", - деди Алмамбетова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
baisogur
2018-10-31 16:26:07
Шаардыктар алергияда спайсик деп,айылда актош деп эле койот мындай иттерди
+10
Aisle
2018-10-31 17:11:01
туура кылат..антпесе иттерди кордоп эле атышат.
+5
urmat-77
2018-10-31 17:27:54
Ошол иттен көрөкчө бир кой баксаңар болмок экен.
+6
urmat-77
2018-10-31 17:32:52
Ошол кой адал да болмок.Ит бакканы да уурдаганы да иттей кадырлуу адамдар окшойт.Сотко чейин барганына караганда же бул ити короо кайтарганга жарагыдай түрү жок.Гуляга катуу кызмат кылган ит окшойт.
+3
Steven
2018-10-31 17:33:02
Эшекти уурдагандарды деле соттоп койгулачы, а то эшек калбады бизде
+6
sarbo
2018-10-31 19:14:45
эми ит менен бир тууган болуп баштадыкпы? Кайран кыргыз кайда баратабыз?
+3
Asyl.jazi
2018-10-31 21:39:05
Ит бар үйгө периште кирбейт эжекеси. Ошону түшүнбөгөнү үчүн ушинтип соттошуп жүрөт да.
+3
monster_high_98
2018-10-31 22:21:46
Бул кабарды уккан кошуна мамлекеттер кулкусун кармай албай, болушунча кулгон болушу керек! Кыргызстан башка жагын кыйрата албай жатып,иттин сотуна отушуптур,соттору да бекерчи да башка кылаарга иши жок деп!Уят эле!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан