Кыргыз-тажик чек арасында ири мүйүздүү малдарды алып чыгып кетүүгө аракет кылгандар кармалды
9-июлда "Кароол-Дөбө" кыргыз-тажик чек ара бекетинде 450 000
сомдук ири мүйүздүү малды жана майда жандыктарды алып чыгып кетүүгө аракет
кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди. Кармалган
жарандар Ош облусунун Алай районунун тургундары болуп чыккан. Тиешелүү
документтер түзүлгөн соң, кармалгандар жана алар Кыргызстандан Тажикстанга алып
чыгып кетүүгө аракет кылган малдар Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди.