Көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугу: Ош менен Талас облусунун курама командалары жарым финалга чыгышты

Бүгүн, 31-октябрда Ош шаарынын "Төлөйкан" ат майданында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугу өтүүдө. Мелдеште Кыргыз өлкөсүнүн бардык облустарынан келген 9 команда катышып жатат.

Өлкө биринчилигинин 3-мелдеш күнүндө жарым финалга чыккан командалар аныкталды. Анда Чүй облусунун курама командасы Ош шаарынын курамасын 12:3 эсеби менен утуп алган, 2-беттеште Ош облусунун курамасы Нарын командасын 8:1 эсебинде утса, 3-беттеште Талас облусунун курамасы Ысык-Көл облусун 7:1 эсебинде утуп алды.

Ош облусунун курамасы 1-бөлүктө Нарын командасын 1:0 эсебинде утуп , 2-бөлүктө эсеп саны 6:0гө айланды. 3-бөлүктө Ош облусунун курама командасынын улакчылары дагы 2 улак таштап, Нарындын оюнчулары 1 улакты таштады. Муну менен Ош облусунун курама командасы 8:1 эсеби менен утуп, мелдештин жарым финалына чыкты.

Талас облусу менен Ысык-Көл облусунун ортосундагы беттештин 1-бөлүгүндө таластыктар 2 улак, ысык-көлдүктөр 1 улакты таштады. 2-бөлүктө таластыктар жоопсуз 4 улак таштап, 3-бөлүктө дагы 1 улак таштады. Муну менен Талас облусунун курама командасы 7:1 эсебинде жеңишке жетип, мелдештин жарым финалына чыкты.

Бүгүн жарым финалга чыккан дагы команданын тагдыры чечилет. Тайпаларда 2-орунду ээлеген командалар күч сынашып, жеңүүчү жарым финалга чыгат. Анда Бишкек, Жалал-Абад жана Ысык-Көл курама командаларынын беттештери орун алат.

Оюндардын жыйынтыгы:

31-октябрь

Чүй облусу - Ош шаары - 12:3;

Ош облусу - Нарын облусу - 8:1;

Талас облусу - Ысык-Көл облусу - 7:1.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
erjigit-e.15
2018-10-31 18:21:46
Жарым финал, финал качан болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан