Бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев "Мамлекеттик мекемелерде бала төрөтүүдө эч кандай акча алынбайт" деп билдирген. Бул маалымат чыккандан кийин "ЭЛДИК КАБАРга" окурмандар байланышып, төрөтканада акча алынган учурлар тууралуу айтып беришти.
"Министр "Бала төрөтүүдө эч кандай акча алынбайт" деп айтыптыр. Баткен облусуна караштуу Сүлүктү шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна бала төрөтүү эмес, кош бойлуулар каттоодон өтүү үчүн келгенде эле гинекологдор 200 сом алышат. Себебин сурасаң "сен төрөгөнгө чейин келесиң. Келгениңде самын, салфетка кетет. Ошолорду алабыз" дешет. Алардын багыттамасы боюнча канымдын тобун аныктоо үчүн барсам, ал жерден 50 сом алды. Себебин "керектүү каражаттарды алабыз" деп түшүндүрүштү. Жадакалса СПИДге кан тапшыруу үчүн барсам ал жерден ийне үчүн 10 сом алышты. Муну кандай түшүнсө болот?
Кош бойлууларга акысыз деген нерсе сөз үстүндө эле калып калабы? Эмне үчүн эшиктердин сыртына бажырайта жазып илип коюшпайт. Айылда акысыз болушун билбеген канчалаган жөнөкөй айымдар сураган суммасын берип жатат. Бир күндө канча кош бойлуу айым каттоодон өтөт. Ал акчаларды чөнтөккө салып жатышат да. Керектүү каражаттарды мамлекет каржылап берет. Ошол жерде турган келиндердин баары акча төлөшкөнүн айтышты. Ошол суммадагы акча айрым келиндерде жок болушу мүмкүн", - дейт окурман.
Баткен облусунан дагы бир окурман кайрылып: "Төрөткө акча алышат. Баткен облусунун Лейлек районудагы төрөткананын сыртына "акысыз" деп жазып коюшканына карабай, ар бир төрөгөн аялдан 600 сомдон алып жатышат. Эмнеге десең, "самын, лампочкага" дешет. Ушул коррупцияны текшерген орган барбы?" - деди.
Бишкек шаарындагы №4-төрөтканада көз жарган келин кайрылып: "Төрөт акысыз деп айтылганы менен, ошол жакта иштегендердин баары тымызын акча алышат. Төрөгөн энени караган дарыгер, баланы караган дарыгер, төрөтканадан чыгып жаткандагы кагазды карматканыбы, пол жууганыбы фондго деген шылтоо менен акча алып турушат", - деп билдирди.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.