Ысык-Көл курама командасы көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугунун жарым финалына чыкты

Бүгүн, 31-октябрда Ош шаарынын "Төлөйкан" ат майданында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугу өтүүдө. Мелдеште Кыргыз өлкөсүнүн бардык облустарынан келген 9 команда катышып жатат.

Өлкө биринчилигинин 3-мелдеш күнү тайпалык баскыч жыйынтыкталып жарым финалга чыккан командалар аныкталды. Жарым финалга алгач Чүй облусунун, Ош облусунун жана Талас облусунун курама командалары өттү. Жарым финалга акыркы жолдомо үчүн тайпаларда 2-орунду ээлеген командалар күч сынашты. Анда Бишкек, Жалал-Абад жана Ысык-Көл курама командалары 1 таймдан беттештерди жүргүздү. Жыйынтыгында Бишкек курамасы Жалал-Абадды 1:0 эсеби менен утса, Ысык-Көл курамасы Бишкекти 2:0 эсеби менен утуп жарым финалга чыгып кетти.

Муну менен эртең, 1-ноябрда жарым финалда алгач Чүй облусу менен Талас облусунун курама командалары кез келсе, 2-беттеште Ош облусунун курама командасы Ысык-Көл курамасы менен беттешет.

1-ноябрда орун алуучу бетештердин жүгүртмөсү:

Саат 14:00дө: Чүй облусу - Талас облусу;

Саат 15:30да: Ош облусу - Ысык-Көл облусу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан