Депутат Алтынбек Сулайманов: "Бир шайлоонун жазасын экинчи шайлоо берет"

Өнүккөн өлкөлөрдө шайланган бийлик убадасын аткарбаса, коомчулук митинг жана пикеттер менен убадаларды аткаруусун талап кылат. Ал эми биздин мамлекетте шайлоо алдында президенттикке жана депутаттыкка талапкерлер "кыйратам, жыргатам, көйгөйлөрдү чечем" деп элди ишендирет, бирок шайлангандан кийин убадаларынын көбү куру сөз бойдон кала берет.

SUPER.KG порталы "Шайлоо алдындагы убадасын аткарбаган президентти же парламентти кантип жазалоого болот?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов төмөнкүдөй жооп берди.

Ал убадаларына турбаган депутаттарды эл кийинки шайлоодо шайлабай койсо болот деген пикирде.

“Бир шайлоонун жазасын экинчи шайлоо берет. Кийинки шайлоодо эл убадасына турбаган депутаттарды шайлабай койсо болот. Ал эми убадасына турбаган президенттер тууралуу айта турган болсом, мекенине келе албаган же элине чыга албагандан өткөн жаза барбы? Мындан өткөн жаза жок”, - дейт Сулайманов.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, экс-депутат Турсунбай Бакир уулу, жарандык активист Адил Турдукулов, саясий ишмерлер Жеңиш Молдокматов жана Темирбек Асанбековдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан