21-октябрь күнү Бишкекте "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаев жол кырсыгынан кийинки урушта башынан жаракат алып каза болгон. Маркумдун жакындары жол кырсыгына күнөөлүү болгон эки адам аны сабап, натыйжада окуя болгон жерде каза болуп калганын айтып чыгышкан. Ошол эле учурда шектүү катары кармалган адамдардын биринин жубайы SUPER.KG'ге бул окуя тууралуу өз пикирин билдирип, видео менен бөлүштү.
"Мен окуя болгон жерде болгон эмесмин, бирок чындыкты элге көрсөткүм келип турат. Мен жолдошун, атасын жоготкон тараптын, анын жакындарын жакшы түшүнүп турам. Өзүмдүн атам да жол кырсыгынан 49 жашында каза болгон. Ичтеринде кандай күйүт, кайгы толуп турганын түшүнөм. Аларга азыр аябай оор болуп турат, аны да түшүнөм. Эч кимди күнөөлөп же актап, эч кимдин ачуусуна тийгим келген жок. Кандай болгон күндө да жакшынакай жүргөн адамдын өлүмү жакындарына орду толгус жоготуу. Видеону көргөндөр өздөрү таразаласын, болгону ошону айткым келет. Ашыкча сөз сүйлөгүм келген жок, себеби жолдошума залакасы тийиши мүмкүн. Бирок буга чейин "сабады, өлтүрдү" деп катуу жазылган маалыматтар жалган", - деди ал.
Кылмышка шектелип кармалгандардын жакындары буга чейин да маалымат каражаттарына маркум менен кармалгандардын ортосунда мушташ болбогонун билдирген. Алдын ала берилген соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, Жакыпбаев жүрөк оорусу кармап каза болгон. Анын денесинде көк ала тактар болгон эмес, болгону чекесинде тытылган так болгон.
Баса белгилей кетчү нерсе, жол кырсыгы болгон учур түшүрүлгөн видеокамера жол боюнда бир кыйла алыс жайгашкан. Видеодон адамдардын сөлөкөттөрүн көрүүгө болот. 21-октябрь күнү саат 19:45те Лексус 470 үлгүсүндөгү унаа алдыда кетип бараткан Тойота унаасын сүзгөн. Эки унаадан тең эркек кишилер түшүп, ортодо териштирүү жүрөт. Арадан бир нече убакыт өтүп бир киши Лексуска отуруп, эки адам Тойота унаасынын жанында калып, анын айланасын карашат (келтирилген чыгымды эсептеп жатышы мүмкүн). Саат 20:06да окуя болгон жерге адамдар чуркап келип, унаалар токтоп баштайт. Кийинчерээк ал жерге эвакуатор, "Тез жардам" жана милиция кызматкерлери келет. 1,5 саатык видеодо буга чейин маркум сабалган деп айтылган сөздөрдүн чындыгы жок экенин түшүнүүгө болот. Ал эми күнөөлүү тарапты сот далилдейт.
Буга чейин М.Жакыпбаевдин уулу Азирет Жакыпбаев социалдык тармактагы баракчасына окуянын күбөлөрүн же жолдон өтүп бара жатканда көргөндөрдүн маалымат бөлүшүүсүн өтүнгөн. "Эки адам атамды унаасынан чыгарып сабай башташкан. Анын кесепетинен атам ошол жерден көз жумган. Экспертизанын жыйынтыгында атамдын башында жаракаты бар экени аныкталды. Сабагандар качууга аракет кылып жатышканда кармалышкан. Алардын мас экендиги аныкталган. Азыркы тапта жазаны жеңилдетүү, жазадан качуу амалында кармалгандар атамдын өзү жыгылып кеткенин айтып жатышат", - деп жазып чыккан маркумдун уулу.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен жана Жазык-процесстик кодекстин 94-беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары окуяга катышы бар 2 адам кармалган.