ЭЛДИК КАБАР: "Ош-Эркеч-Там жолунда эки унаа сүзүшүп, айдоочулардын биринин буту сынды" дейт окурман

Ош-Эркеч-Там жолундагы ашууда жол кырсыгы болду. Бул тууралуу 31-октябрда "ЭЛДИК КАБАРга" байланышкан окурман билдирди.

"Чыйырчык ашуусунда Мазда жана Хундай Портер үлгүсүндөгу унаалар кагылышып кетти. Жол кырсыгына Мазда унаасынын каршы тилкеге чыгып кеткени себеп болду. Хундай Портердин айдоочусу менен жүргүнчүсү оор жаракат алды. Айдоочунун буту сынып кетти. Аларды башка унаада ооруканага алып кетишти", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nuru95kg
2018-11-04 00:34:08
Кудай сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан