2022-жылдагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна 48 өлкө катышуусу мүмкүн

2022-жылдагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна 48 өлкө катышуусу мүмкүн. Бул тууралуу ФИФАнын президенти Жанни Инфантино чет элдик басылмаларга билдирген.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдагы чемпиондукка 48 команда катышары анык. Ал эми 2022-жылы өтчү чемпиондукка катышуучу өлкөлөрдүн саны аныктала элек.

"Биз 2026-жылдан баштап чемпиондукка катышкан командалардын санын 32ден 48ге чейин көтөрүүнү чечтик. Бирок бул чечим 2022-жылы Катарда өтө турган Дүйнө биринчилигине чейин да күчүнө кириши мүмкүн. Азыркы учурда Катардагы жана Жакынкы Чыгыштагы досторубуз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Биздин максатыбыз ишке ашат деген үмүттөмүн", -деп билдирген Инфантино.

Белгилей кетсек, футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу 2022-жылы Катар мамлекетинде өтөт. Ал эми 2026-жылкы чемпиондукту АКШ, Канада жана Мексика өлкөлөрү биргеликте өткөрүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан