Ысык-Көл облусунун Сары-Камыш айылынын күн батыш тарабында болгон жол кырсыгынан жубайлар ооруканага жеткирилди. Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү маалыматты тастыктап, төмөнкүлөрдү билдирди.
Жол кырсыгы 30-октябрдан 31-октябрга караган түнү болжол менен саат 02:00 чамасында катталган.
"Анда Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унааны 40 жаштагы Т.Т. аттуу адам башкарып бара жаткан. Машинада анын жубайы М.Б. болгон. Айдоочу чарчаңкы абалда рулду башкарып баратып, уктап кеткен. Ошол учурда жолдон ит чыга калып, андан качам деп рулду башкара албай жол четиндеги даракты сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен жубайлардын кабыргалары сынып, башынан жаракат алышып, Балыкчы шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Жол кырсыгынан кийин жубайлар ооруканага жаткырылгандыктан айдоочунун спирт ичимдигин ичкенин же ичпегенин аныктоого мүмкүн болгон эмес. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирет басма сөз кызматкери.
Ошондой эле Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү айдоочуларды чарчаңкы абалда унаа айдабоого чакырат.