Үстүбүздөгү жылдын 6 айында Бишкек шаарында 1243 жол кырсыгы катталганын Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Кырсыктын кесепетинен 48 адам каза болуп, 1532 адам жаракат алган. Былтыркы жылдын ушул убагына салыштырмалуу жол кырсыгы 105,1 пайызга көп катталган. Ал эми жол кырсыгынан көз жумгандардын саны 6,5 пайызга жогорулаган.