КҮНСЕРЕП: КСДП эми фракция лидерин колдон чыгарды

Бүгүн, 1-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

КСДПнын ичиндеги ажырым кульминациялык чекке жетти. Кечээ, 31-октябрда КСДПнын саясий кеңеши жыйынга чогулуп, Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу чечимин кабыл алып, аны фракция лидерлигинен түшүрүү боюнча Жогорку Кеңештеги КСДПнын депутаттарына кат жолдоду. КСДП бул кадамын "Өмүркулов партиянын максатына жана жобосуна каршы кадам жасады" деп түшүндүрдү.

Саясий кеңештин мындай чечим кабыл алышына "Өмүркулов "КСДП Атамбаевсиз" деген ураан менен аймактарды кыдырып жүргөн партиянын мурунку мүчөлөрүнөн турган топту кабыл алганы түрткү болду көрүнөт. Буга чейин "КСДП Атамбаевсиз" деген ураан менен жыйын өткөрүп жүргөн активисттер 24-октябрда Иса Өмүркулов менен жолугушуу өткөрүп, “фракция лидери бизди колдоду” деп маалымат тараткан. Өмүркулов бүгүнкү күнгө чейин журналисттерге бул иш боюнча комментарий берүүдөн баш тартып келген. Ураандан көрүнүп тургандай эле бул топтун максаты экс-президент Алмазбек Атамбаевди КСДПнын лидерлигинен түшүрүү.

Бир аптадан бери журналисттерге жооп бербей жүргөн Өмүркулов "КСДПдан чыгарылды" деген маалыматтан кийин, бүгүн маалымат жыйын өткөрүп, анын артынан ээрчип жүргөн суроолорго жооп берди. Ал "активисттер менен жолукканда "КСДП Атамбаевсиз" деген ураан боюнча позициямды айткан эмесмин. Позициям эми такталат" дейт. Журналисттер улам тактоо үчүн суроо узатканына карабай, фракция лидери түз жооп берүүдөн буйтап, ураанды колдогону же колдобогону боюнча ачык пикир айткан жок. Өмүркулов КСДП үчүн көп тер төгүп, эмгек сиңиргенин айтып, өмүрүнө, үй-бүлөсүнө коркунуч туулганда да партиянын идеясында бекем турганын эске салды. "Эмне себептен партиядан чыгарышканын билбейм. Бирок мен партиянын эч бир да мыйзамын, тартибин бузган жокмун. Партиянын программасын, жобосун аткарып келем. Бул партияда жүргөнүмө 25 жыл болду, тагыраак айтканда, түптөлгөндөн бери келе жатам, башыбыздан бир топ кыйынчылыктарды өткөрдүк. Өзгөчө Акаевден баштап, Бакиевдин дооруна чейин", - дейт ал.

Ошондой эле Өмүркулов аны партиядан четтеткен КСДПнын саясий кеңешинин жыйынын "легитимсиз" деп, ага каршы добуш берген саясий кеңештин мүчөлөрүн "чыккынчы" атады. "Саясий кеңештин 7-8 мүчөсү чогулуптур. Бул маселе күн тартибинде турганы боюнча калганынын маалыматы жок. Кимдер добуш бергени боюнча протоколду көрө элекмин. Форумдун маалымат кызматынын атынан мага карата "чыкккынчы" деген сөз да айтылып жатат. Мени партиядан чыксын деп добуш бергендерди "чыккынчы" деп эсептейм. Себеби булар партиянын, революцияда курман болгон балдардын элесин, идеясын саткан болуп эсептелет. Революция үмүттү актаган жок", - дейт Өмүркулов.

Иса Өмүркулов легитимсиз жыйындын чечими партия ичиндеги тирешүүгө алып келерин эскертти. "Легитимсиз жыйындын чечими партия ичиндеги тирешүүгө алып келет. КСДП чоң партия болгону үчүн өлкөдөгү саясий кырдаалга дагы таасир бериши мүмкүн", - дейт ал. Өмүркулов аны партиядан чыгаруу үчүн орчундуу себеп болушу керектигин айтып, андай себепти көрө алган жокмун дейт. Андан сырткары ал "КСДП Атамбаевсиз" деген ураанды көтөрүп чыккан топту кабыл алууга Асылбек Жээнбековдун тиешеси жок деди. "Мен бирөөлөрдүн айтканы менен кабыл албайм. Алар да бирөөлөрдүн атынан келген эмес", - деди ал.

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева саясий кеңештин кечээги жыйынына Иса Өмүркулов чакырылганын, бирок ал белгисиз себептерден улам келбегенин айтты. "Өмүркулов жаздан бери эле саясий кеңештин отурумдарына келбей жаткан. Партиянын лидери менен жолугуп турам дегени да калп. Саясий кеңеш анын кыймыл-аракеттери партиянын жобосуна туура келбегени үчүн КСДПдан чыгаруу боюнча чечим кабыл алды. Эгерде Иса Шейшенкулович бул чечимге каршы болсо, анда сотко берсин. Бул "оюнда" Сагынбек Абдрахманов кичинекей эле фигура, анын артында чоң фигуралар турат", - дейт ал. Жолдубаева Иса Өмүркуловду партиядан четтетүү маселеси буга чейин эле бышып жетилгенин билдирди. Анын айтымында, буга 4 окуя себеп болгон. Биринчиси, КСДПнын мүчөсү болгон Сапар Исаковго ишенбөөчүлүк көрсөтүп, премьер-министрликтен кетирүүгө макул болгону. Экинчиси, ушул жылдын жазынан бери партия лидери менен фракция лидери катары жолугушпай жүргөнү. Үчүнчүсү, депутат Кожобек Рыспаевди фракциядан чыгаруу боюнча партиянын чечимин аткарбай койгону. Төртүнчүсү, "КСДП Атамбаевсиз" кыймылын кабыл алып, колдогону.

2020-жылы эгер ага чейин күтүүсүз иштер болуп кетпесе, өлкөдө парламенттик шайлоо өтөт. Бул шайлоодо көпчүлүк мандатты алган партия бийликте негизги орунга жетери бышык. Буга чейинки шайлоодо президенттин партиясы көп мандатка ээ болгон. Шайлоо жакындаган сайын КСДП үчүн саясий күрөш күчөп баратат. Андыктан "КСДП Атамбаевсиз" деген ураанды учурда улам маалымат жыйын өткөрүп жүргөн бир ууч топ көтөрүп чыкпаганы түшүнүктүү. КСДПнын 30 жылга чамалуу тарыхы бар. Учурда аталган партиядан сунушталган адам президент, Жогорку Кеңеште 38 мандаты бар, өкмөттүн кадрларынын басымдуу бөлүгү аларга тийиштүү болуп, эбегейсиз чоң абройго, күчкө ээ. КСДПнын ичиндеги тиреш Сооронбай Жээнбеков президент катары Коопсуздук кеңешинин алгачкы жыйынында жасаган билдирүүсүнөн кийин башталган. Андан бери КСДПнын лидери, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегинде жүргөн негизги кадрлары болгон Сапар Исаков, Икрамжан Илмиянов, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов жана башка мурунку чиновниктер камакка алынып, Индира Жолдубаева, Абдил Сегизбаев, Улан Исраилов сыяктуу кадрлары укук коргоо органдарындагы жетекчилик кызматтардан кетти. Бийликтин мындай кадамдарынан кийин КСДП фракциясынын айрым депутаттары да биринин артынан бири Атамбаевдин учурундагы иштерди сынга алып, азыркы президентке карай жүз бура баштаганы баарына маалым. Партиянын расмий өкүлүнүн маалыматына таянсак, Өмүркулов да эчак эле Атамбаевдин кемесинен Жээнбековдун кемесине өтүп кеткен.

Бүгүнкү окуядан улам "Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу мыйзамдуу болдубу? Андай болсо, анын фракцияны жетектеп турганы канчалык мыйзамга дал келет" деген суроо жаралып, SUPER.KG порталы аталган маселенин айланасында саясатчыларга собол салды. Парламенттин спикери Дастанбек Жумабеков партиядан чыгарылган Өмүркуловдун фракцияны жетектеп турганын мыйзамдуу дейт. Депутаттар Дастан Бекешев, Тазабек Икрамов, Жыргалбек Турускулов, Кожобек Рыспаев, Исхак Масалиев Өмүркуловду лидерликтен бошотууну фракция чечиши керек деген пикирде. Ал эми депутат Төрөбай Зулпукаров алгач партиянын чечиминин мыйзамдуулугун такташ керектигин айтып, кааласа фракция партиянын чечимин колдобой коё аларын кыйытты.

Жакында эле партия депутат Кожобек Рыспаевди КСДП фракциясынан чыгарууну сунуштап, аны депутаттар колдогон эмес. Андыктан Өмүркуловдун окуясында бир нерсе өзгөрүп кетиши күмөн...

Буга чейин айрым ЖМКлар аркылуу "Кумтөр" кениндеги "Центерранын" акциялары Кытайдын "Shadong Gold" деген компаниясына сатылышы мүмкүн" деп тарап жаткан маалымат боюнча "Кыргызалтын" ишканасы түшүндүрмө берди. Маалыматка караганда, "Кыргызалтын" канадалык "Центеррадан" аталган маселе боюнча расмий жооп алган. "Центерра" компаниясы “Кумтөр” боюнча башка тараптар менен кандайдыр сүйлөшүү жүргүзө турган болсо, ал тууралуу Кыргыз өкмөтүн жана "Кыргызалтынды" сөзсүз кабардар кылмак", - деп жазат канадалык компания өз жообунда. Өкмөттүн өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов "Центерранын" акцияларынын сатылары тууралуу маалыматы жок экенин айтат. "Бизде кытайлык инвестордун "Кумтөрдөгү" акцияларды сатып алуу ниети боюнча маалымат жок. Муну иликтейбиз", - деди Осмонбетов.

"Shadong Gold" "Кумтөргө" кызыккан экинчи компания. Буга чейин Лондондо катталып, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда иш алып барып жаткан "Chaarat Gold" компаниясы да акцияларды сатып алуу ниетин 2 ирет жар салган. Акыркы аракетин ал компания бүгүн, 1-ноябрда токтотконун жарыялады. Ал эми "Shadong Gold" 1996-жылы негизделип, Кытайдын мамлекеттик алтын казуучу компаниясы болуп эсептелет.

"Кумтөр" кенинин айланасында чечилбей келе жаткан бир нече маселелер бар. Алардын сап башында өкмөт менен "Центерранын" ортосунда түзүлгөн стратегиялык келишимди аткаруу турат. Аталган келишим 2017-жылдын 11-сентябрында айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Ага ылайык, "Кумтөр" тарабынан "Калыбына келтирүү фондуна" жылына 6 миллион доллар түшүп турмак болгон. Келишимди аткаруу мөөнөтү буга чейин бир нече жолу узартылды. Алгач 2018-жылдын 20-апрелинде мөөнөтү аяктамак, бирок 2-ноябрга жылды. Эми болсо аткаруу мөөнөтү 2019-жылдын 31-январына чейин узартылды.

Буга чейин 2017-жылдын сентябрь айында премьер-министр болуп турган Сапар Исаков “Центерра” менен макулдашууга кол койгону маалым болуп, бирок ал тууралуу коомчулукта анын ичинде депутаттарда маалымат жок экендиги айтылып, нааразычылык жаралган. "Кумтөрдөгү" экологиялык зыян үчүн өкмөт “Центерраны” 2013-жылы сотко берип, 100 миллион доллар кенемте талап кылган. Бирок 2017-жылы ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун тушунда стратегиялык макулдашуу кабыл алынып, Кыргыз өкмөтү жогорудагы доосунан баш тарткан. Анын ордуна канадалык компания онкологиялык кызматты жакшыртууга 10 миллион доллар, жаратылышты коргоого 50 миллион доллар бөлүп берүүгө милдеттендирилген. Бирок ал милдеттенменин да ишке ашуусу кечигип келүүдө. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аталган келишим менен таанышып чыкканын, бирок айрым маселелер боюнча өзгөртүү киргизиши керектигин айтып, кайра иштеп чыгылган соң парламентке алып келүүнү убадалаган.

Өлкөдөгү эң ири алтын запасы бар "Кумтөр" кенин 2026-жылга чейин иштетүү боюнча "Центерра" Кыргыз мамлекети менен келишим түзгөн. Учурда аталган мекемеде 3700дөй Кыргыз жараны иштейт. Кендин 26,6 пайыз акциясы Кыргыз мамлекетине таандык. Маалыматтар боюнча, "Кумтөрдөн" түшкөн каражат өлкө бюджетинин 10 пайызын түзөт.

Кумтөрдөн кийинки эле орунда турган алтын кени - бул Таластагы "Жер-Үй". Аны иштетүү укугу 2015-жылы "Русская платина" компаниясына 100 миллион долларга сатылган. Сынактын шартына ылайык, компания кенди иштетүү боюнча техникалык негиздеме бекитип, 2019-жылдын 28-февралына чейин алтын тазалоочу фабриканы жана калдык сактоочу жайдын курулушун бүтүрүшү керек. Өкмөт аталган компаниянын курулушу кечигип жатканын айтып, белгиленген мөөнөткө чейин бүтпөсө, келишимге ылайык, айына 100 миң доллардан айыпка жыгыларын эскертип келет.

Алтын кендердин салыгынын өлкө бюджетине кошкон салымы чоң. Экономика министри Олег Панкратовдун 8 айдын жыйынтыгы боюнча "Кумтөр" кени алтынды былтыркыга салыштырмалуу аз өндүргөнүн айткан. "Кумтөр" кениндеги алтын өндүрүү кескин кыскарууда жана 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча алтын 2017-жылга салыштырмалуу азыраак өндүрүлөт", - деген ал. Бул кетиште "Кумтөрдүн" ишинин солгундашы, "Жер-Үйдүн" ишке кирүүсүнүн кечеңдеши өкмөттүн абалын кыйындатат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан