Бишкекте мейманкана ээсин сабап салган түрк жараны кармалды

9-июль күнү Бишкектин Ленин РИИБине М.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылып, шаардын Фрунзе көчөсү, №454 дарегинде жайгашкан мейманканага белгисиз бирөө кирип, 51 жаштагы атасын себепсиз эле сабап салганын айткан. Бул факты боюнча укук коргоо кызматкерлери ыкчам чара көрүшүп, кылмышка шектүү деп Кыргызстанга 7-июль күнү келген 52 жаштагы Түркиянын Ж.И. аттуу жаранын кармашты. Иликтөөнүн жүрүшүндө 9-июль күнү Ж.И. мас абалында аталган мейманканада болгону жана мейманкананын кожоюну С.А. экөөнүн ортосунда уруш чыгып, ал мушташка айланганы белгилүү болду. Кылмышка шектүү колундагы айнек бөтөлкө менен мейманкана ээсин уруп салган. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуяга байланыштуу кылмыш иши козголду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
belya
2013-07-10 16:26:58
Жабыркалануучу жана укук коргоо органдарынын уят-наамысы болсо соссуз сотко чейин жеткизиш керек!!! Соттолсо башкалары кысчу жерин кысышат!Качанкыга чейин иттей сабалатып анан акчасын алып тим калаберебиз, ансыз деле айтып жаткандыр кыргыздарды акча менен алдап койсо болот деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан