Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен америкалык мушкер Флойд Мейвезердин беттеши ММА`дин эрежелери менен болсо гана ишке ашышы мүмкүн.
Хабиб Нурмагомедов түрк телеканалдарынын бирине интервью берип жатып, "Эгер Флойд экөөбүз беттешип калсак, анда бир беттеш бокстун ыкмалары менен, ал эми дагы бири ММА`дин эрежелери менен өтүшү керек", - деди UFC чемпиону.
Эсиңиздерде болсо буга чейин эки мушкер социалдык тармактар аркылуу бири беттешке чакырып, экинчиси жооп кайтарып, коомчулукта талкуу жаратып келишкен. Мейвезердин айтымында, ал Нурмагомедов менен бокстун эрежелеринин негизинде гана беттешүүгө барат. Буга жооп катары UFC'нин жетекчиси Дэйна Уайт "Хабиб Нурмагомедовдун UFC менен түзгөн келишими бар. Эгер Мейвезер менен беттеш орун алып калса, анда таймаш аралаш уруш өнөрүнүн эрежелери менен гана өтүшү керек" деген.
Айта кетсек, аталган эки мушкер тең профессионалдык карьерасында бир дагы жолу жеңилүү ызасын тартып көргөн эмес.
UFC'нин жеңил салмактагы учурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов 27 беттеште жеңишке жеткен.
Флойд Мейвезер – бокс боюнча беш салмак категориясындагы дүйнөнүн экс-чемпиону. Ал карьерасында 50 беттеш өткөрүп, бир дагы жеңилүү ызасын тарткан эмес.