Көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугунун финалында Чүй менен Ысык-Көл облусунун курамалары кездешет
Бүгүн, 1-ноябрда Ош шаарынын "Төлөйкан" ат майданында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугунун жарым финалдык беттештери орун алууда. Анда Ош облусу менен Ысык-Көл облусунун курама командалары кез келишти.
Беттештин 1-бөлүгүндө Ысык-Көл облусунун оюнчулары Болот Азим уулунун тай казанга таштаган улагы менен эсеп санын ачып, буга Оштун улакчылары жооп бере алган жок.
Муну менен Ысык-Көл облусунун курамасы жеңүүчү болуп, финалда алтын медалдар үчүн Чүй курамасы менен беттешет. Ал эми Ош облусунун курама командасы Талас командасы менен 3-орун үчүн күч сынашат.
1-ноябрда орун алган бетештердин жыйынтыгы:
Чүй облусу - Талас облусу - 5:1;
Ош облусу - Ысык-Көл облусу - 0:1.