Улуттук банк тарабынан 2015-жылдын июнь айында Толкунбек Абдыгуловго деп 5 миллион 500 миң сомдун берилиши мыйзамдуу болгон. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
Мекеменин билдиришинче, Толкунбек Абдыгуловго 5 миллион 500 миң сом өлкөнүн экономикасынын жана банк системинин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн берилген.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" мыйзамынын 71-беренесине ылайык, Улуттук банк өз кызматчылары үчүн белгиленген тартипте турак-жай ссудаларын, керектөө насыяларын берүүнү, кыймылсыз мүлктү сатып алууну жана банктын кызматчыларын социалдык жактан коргоонун башка чараларын уюштурат.
Ага ылайык, Абдыгуловго 2015-жылдын июнь айында 5 миллион 500 миң сом ссуда берилген. Улуттук банктын башкармалыгынын чечими менен Толкунбек Абдыгуловдун вице-премьер-министр кызматына которулганы жана 10 жылдык тажрыйбасы үчүн ага берилген акчанын 4 миллион 824 миң сому 2017-жылдын 31-октябрында эсептен чыгарылган. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок", - деп жазылат билдирүүдө.
Мекеменин маалыматы боюнча, жалпысынан 2000-2018-жылдар аралыгында Улуттук банк кызматкерлерине турак-жай маселесин чечиш үчүн өз каражатынан 798 миллион 869 миң сом бөлүп берген. Анын 31 миллион 921 миң сому же жалпы сумманын 4 пайызы эсептен чыгарылган.
Бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Гүлшат Асылбаева Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго берилген 6 миллион сом эсебиндеги турак-жай ссудасы эсептен кандай негизде чыгарылгандыгын Башкы Прокуратура текшериши керектигин айтып чыкан.