"Коопсуз шаар". Сот Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин арызын канааттандырды

Бишкек шаарынын райондор аралык соту Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин "Коопсуз шаар" боюнча арызын канааттандырды. Бул тууралуу аталган комитеттин маалымат кызматы кабарлады.

"1-ноябрда аталган сот Даттануулар боюнча көз карандысыз комиссиянын чечимин жокко чыгарды. Утулган тараптын 30 күндүн ичинде даттанууга укугу бар", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 4-сентябрында өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгында сынактык комиссия катышуучу компаниялардын документтерин карап чыгып, “Вега” радио куруу концерни” компаниясын жеңүүчү катары сунуштаган.

Ал эми ушул эле аукциондун экинчи катышуучусу болгон “Маалыматтык системдер коопсуздугу” ишканасы “Вега” концернинде акыркы 3 жыл ичинде жол эрежелеринин бузулушун фото жана видео тасмага алууну тастыктаган тажрыйбасынын ылайыктуулугу тууралуу маалымат жок деген билдирүү менен Даттануулар боюнча көз карандысыз комиссияга кайрылган. Комиссия бул билдирүүнү карап чыгып, “Маалыматтык системдер коопсуздугу” компаниясы тарабынан берилген маалыматтардын айрымдарын тастыктап, сынактык комиссиянын чечимин биротоло жокко чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан