9-июлдан 10-июлга караган түнү саат 03:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айылында Кыялбек Жандыбаев аттуу жарандын үйүнө чагылган түштү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Чагылгандын кесепетинен шифер менен жабылган үйдүн чатыры, үйдүн бир жак дубалы кулады. Мындан сырткары 4 терезенин айнектери талкаланды. Учурда жабырланган үй-бүлө үйдүн 2 бөлмөсүндө жашап жатат. Бактыга жараша, адам өмүрүнө зыян келтирилген жок.