Чүй облусундагы айланма жолдо 2 унаа бетме-бет сүзүшүп, 1 адам каза болду

Чүй облусундагы айланма жолдо 2 унаа сүзүшүп, 1 адам көз жумду. Бул тууралуу маалыматты Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тастыктады.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 2-ноябрда саат 9:00дөр чамасында болгон.

"Аталган жол кырсыгында Фольксваген Жетта жана Фольксваген Гольф 3 үлгүсүндөгү унаа бетме-бет сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 60 жаштагы аял каза болуп, 3 адам жаракат алган. Алдын ала маалыматтар боюнча унаалардын бирөө жол эрежесин бузуп каршы тилкеге чыккан. Азыркы тапта тактоо иштери жүрүп жатат", - деп билдирди маалымат кызматы.

Аталган жолдо бардык жол белгилери бар экенин маалымат кызматы кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Samar90
2018-11-02 12:08:33
Биз кыргыздар качан правила менен айдайбыз
-1
reach
2018-11-02 21:12:57
Эреже деп эле жазсаңыз
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан