УКМК тарабынан жүргүзүлгөн терроризмге каршы иш-чаранын алкагында 25-октябрда эл аралык терроризмдин башкы жашыруун уюму аныкталды. Чүй облусунда табылган уюмдун мүчөлүгүндө 5 чет өлкөлүк жаран жана Кыргыз өлкөсүнүн 4 жараны кармалган.
"Алдын ала тергөөнүн алкагында аталган уюм 2017-жылдан бери активдүү түрдө Афганистан жана Сириянын аймагындагы террордук уюмга жарандарды тартып, үндөп келишкен. Ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн аймагына ок атуучу жана колго жасалган жардыруучу каражаттарды алып кирип диверсиялык чалгын жасап жүрүшкөн. Кылмыштуу топтун мүчөлүгүндө Борбор Азия жана Көз карандысыз шериктеш өлкөлөрдүн жарандары да болгон. Алар өз өлкөлөрүндө террордук топтордун мүчөлүгүнө шектүү катары издөөдө жүргөн адамдар болгон. Чет өлкөлүк жарандар Кыргыздын аймагында террордук уюмдун эмиссарынын тапшырмасы менен өлкөдөгү уюмга мүчө адамдарга тажрыйбасын бөлүшүп жүрүшкөн", - деп жазылат маалыматта.
Учурда УКМКнын тергөө органдары козгогон кылмыш ишинин негизинде тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп, муну менен катар чет өлкөлүк атайын кызматтар менен бирге иштер алып барылууда.