Ошто Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган эр эңиш боюнча Өлкө биринчилиги өтүп жатат

Бүгүн, 2-ноябрда Ош шаарынын "Төлөйкан" ат майданында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган эр эңиш боюнча Өлкө чемпиондугу старт алды. Бул мелдешке Бишкек, Ош шаарларынан жана облустардан спортчулар катышууда.

Азыркы тапта мелдештин тандап алуу этабы орун алууда. Анда өлкө аймагынан келген спортчулар 5 салмак ченинде күч сынашууда. Алар 60, 70, 80, 90 килограммга чейинки жана 90 килограммдан жогорку салмак чендери.

Тандап алуу этаптын жыйынтыгында финалга өткөн балбандар аныкталып, алар 3-ноябрда күч сынашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан