Ош шаарында Мамлекеттик күзөт кызматынын айрым башчылары кызмат жана батирлерди алып берүүнү убадалап 1 миллион 300 миң сомдон ашуун акча чогулткан деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Мамлекеттик күзөт кызматынын жооптуу кызматкерлери чоң кызматтарды жана турак жайларды алып берүү убадасы менен Ош шаарынын Мамлекеттик күзөт кызматынын Батыш бөлүмүнүн кызматкерлеринен 1 миллион 385 миң сом акча каражат чогултушканы аныкталган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 304 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 166-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
"Чогултулган материалдар тиешелүү мекемеге өткөрүлүп берилип, бул факт боюнча тергөө амалдары улантылууда", - деп айтылат маалыматта.