"ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp аркылуу байланышкан окурман Төө-Ашуудагы унаалардын тыгыны тартылган видеосун жөнөттү.
Айта кетсек, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тоолуу райондордо жааган кардын калыңдыгы тууралуу маалымат тараткан. Анда Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунун түндүк тарабында кардын орточо бийиктиги 5-15 сантиметр, түштүк тарабынын 132-137-чакырымдарында 5-35 сантиметрди түзгөнү айтылат. Жолдор тайгак болуп, муз тоңгону маалымдалган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.