Майлы-Суу шаарынын аймагында жер көчкү жүрдү

10-июль күнү саат 08:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарына кире бериште жер көчкү жүрүп, Загорный көчөсүн жаап калды. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, жер көчкүнүн узундугу 30, туурасы 20 метр, бийиктиги 1,5 метр, жалпы көлөмү 900 метр куб. Көчкүдөн бир үй жабыркап, учурда унаа жолу убактылуу жабык. Шаардык муниципалитеттен 1 жүк жүктөгүч техника жана 1 жеке менчик самосвал жолду тазалап жатат. Кырсык адам өмүрүнө зыян келтирген эмес, шаардык Жарандык коргоо комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан