Бүгүн көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугунун финалы өтөт
Бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарынын "Төлөйкан" ат майданында көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугунун финалдык беттештери орун алат. Анда Чүй менен Ысык-Көл, Ош менен Талас облусунун курама командалары кез келет. Тактап айтканда, биринчи орун үчүн Чүй жана Ысык-Көл командалары күч сынашса, үчүнчү орун үчүн Ош облусу менен Таластын курамасы ат салышат.
Чемпиондуктун байге фондуна 2 миллион сом каралган. Баш байгени уткан команда 500 миң сом алмакчы.
Көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугу улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып өтүүдө.