Кара-Сууда 6 жаштагы бала каналдагы сууга түшүп кетип изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, 2-ноябрь күнү саат 17:06да Отуз-Адыр айылындагы каналга 2012-жылы туулган С.А. аттуу бала түшүп чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Айтылган даректе министрликтин өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп, бирок табылган эмес. Бүгүн, 3-ноябрда издөө иштери улантылууда.