Көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугунда Таластын улакчылары Оштун командасын 5:0 эсебинде утуп алды (сүрөт)

Көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугунда Талас облусунун улакчылары Ош облусунун командасын утуп, коло медаль тагынды. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, эсеп саны 5:0 менен жыйынтыкталды.

Учурда чемпиондук наам үчүн Ысык-Көл жана Чүй облусунун командалары ойноп жатат. 9 команда катышкан көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугу 29-октябрда башталган. Көк бөрү улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып өтүүдө.

Чемпиондуктун байге фондуна 2 миллион сом каралган. Баш байгени уткан команда 500 миң сом алмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Feiza1982
2018-11-03 15:48:47
Азаматсынар жигиттер жамгыр ,ылайыктуу баткакка карабай ойнодүңар !!!
+2
ikitaidesu
2018-11-03 16:27:36
Неге андай 5:0? Оштуктар атайын жеңилип бердиби?
0
Save_me
2018-11-03 17:52:39
"Намыс менен спортту Таластыктардан эч кимиси талашпай эле койсун!" К.Б. :)
+3
Koichuman
2018-11-03 17:58:49
Save_me, айтканын туура
бирде жигит тоо минет
бирде жигит жоо журот
демекчи Таласты Чуй жыртып койдуго.
-2
Yago.limon
2018-11-04 10:47:00
Улакчылар мыктысынар, азаматтар!

Болунуп жарылбай туура коз карашта бололу!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан