Чүй облусунун командасы көк бөрү боюнча Өлкө чемпиону болду

Көк бөрү боюнча Кыргыз өлкөсүнүн биринчилигинде Чүй облусунун командасы чемпион болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Финалдык оюнда Ысык-Көл жана Чүй облусунун командалары ойноп, жыйынтыгында 5:1 эсеби менен Чүйдүн курамасы жеңип, 500 миң сом байгеге ээ болду.

2-орунду багынткан Ысык-Көл командасына 250 миң сомыйгарылды.

3-орун алган Талас командасы 100 миң сомго ээ болду.

4-орунду Ош облусунун командасы ээлеп, 80 миң сом алды.

Калган 5 командага 50 миң сомдон акчалай сыйлык ыйгарылды.

Жалпы мелдештин мыкты улакчысы болуп Чүй облусунун командасынын оюнчусу Кубаныч Султан уулу табылса, мыкты аргымак деп Ысык-Көл облусунун командасынын "Золотой" аргымагы табылган.

Көк бөрү боюнча Өлкө биринчилиги улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Koichuman
2018-11-03 17:53:09
Кучтуу женсин деген соз бар!куттуктайбыз Чуйду жениши менен.
+6
Taku.14.02
2018-11-03 18:03:46
мындай чемпионат болбойт экен область область жердеш деп болунуп ынтымак ырбайт экен к
-6
Taku.14.02
2018-11-03 18:04:52
аралаштырып клуб катары ойнотсо ошондо кайсы клуб деп ато ош баткен кол иалас чуй дешип ушул жагын ойлонсонор
-3
Take_men
2018-11-03 19:22:55
Taku.14.02,эн туура кошулам
-2
ikitaidesu
2018-11-03 18:17:22
Манас Ниязов ойногон жокпу бул оюнда?
0
Elaman_Arypov
2018-11-04 08:08:27
ikitaidesu,чакырылган жок деп Интернеттен окудум эле
-2
erjigit-e.15
2018-11-04 08:57:06
Оштук балдар намыс кайда кетти. Манасты кошуп ойноо керек эле.
-3
Yago.limon
2018-11-04 10:42:44
Алтын башы аман болсун улакчыларыбыздын!Батынып ар бир эркек ойной бербесе керек бул оюнду.

Бул жерде да болунуп-жарылып кеттикпи((болбойт да!!!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан