2013-жылдын 6 айында 978 жаран айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган

Ушул жылдын 6 айында Бишкекте 118 503 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, 118 429 протокол түзүлүп, эрежени бузгандарга салынган айып пулдун көлөмү 25 миллион 810 миң сомго жеткен. Ал эми 3471 административдик материал сотко өткөрүлгөн. Алардын 978си айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылгандар болсо, 1447сине административдик айып пул салынган. Айдоочуларга салынган айып пулдардын эсебинен мамлекеттик бюджетке 28 миллион 6500 сом түшкөн. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 2 миллион  66 580 сомго көп.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zama.kj9
2013-07-10 19:56:57
кыргыздар орусча суйлобойбуз деп жатып эми озбекчеге отткпу.Урматту ШИрин Жумадилова эже кыргыздарда "ПУЛ"деген соз барбы?болсо эмнени тушундурот?же кыргызсоз туркумуно жаны соз кошулдубу
0
admin_superstan
2013-07-11 09:50:44
zama.kj9, Саламатсызбы!
Пул - бул нукура кыргызча сөз эмес. Ал башка тилден келген сөз. Бирок кыргыз тилинде эбактан бери кеңири колдонулуп келет. Мисалы, "пулуң болсо кулуңмун" деген сыяктуу кыргыз лакап сөздөрүн угуп жүрсөңүз керек. Ал эми "айып пул" - "штраф" дегенди түшүндүрөт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан