Бишкектин "Дордой" футболдук клубу Өлкө чемпиондугу - Топ-Лиганын 10 жолку чемпиону болду. Бүгүн, 3-ноябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо "Дордой" менен Оштун "Алай" футболдук клубдары кездешип, "Дордой" 3:1 эсеби менен утуп алды.
Беттештин жүрүшүндө "Дордойдун" оюнчулары 3 гол киргизгенге үлгүрсө, "Алай" командасынын оюнчулары 1 гол менен жооп бере алганга гана жетишти. Муну менен "Дордой" футболдук клубу 27 оюндун жыйынтыгында 65 упай топтоп Топ-Лиганын турнирдик жадыбалында 1-орунду камсыз кылып, мелдештин аягына дагы 1 тур калганда өлкө чемпиону аталды. "Алай" футболдук клубу 27 оюнда 57 упай топтоп "Дордойго" жетпей калды.
"Дордой" клубу футбол боюнча Өлкө чемпиондугун 10-ирет утуп жатат. Ал буга чейин 2004, 2005, 2006, 2007, 2008, 2009, 2011, 2012, 2014-жылдары чемпиондукка ээ болгон.