Ысык-Көл облусундагы Бөрү-Баш айылынын 1966-жылы туулган Нурлан Асанбеков аттуу тургуну 18 жаштагы уулун милиция кызматкерлери сабап өлтүрүп койгонун айтып, президентке видеокайрылуу жасады. Анын айтымында, милиция кызматкерлери 22-октябрь күнү уулун мал уурулукка шектүү катары кармап кетип, башына пакет кийгизип сабаган.
Асанбеков кайрылуусунда: "22-октябрда баламды милиция кызматкерлери сабап, өлтүрүп коюшту. Ушуларды жоопко тартып, ушундай адамдарды жок кылууну сизден суранабыз. Баламды өлтүргөндө да кыйнап өлтүрүштү, башына пакет кийгизип, колуна кишен салып, желим бөтөлкөгө суу куюп алып сабашкан. Бир күндө баламды эки-үч жолу эс-учун жоготкончо сабап, аябай кыйнап, ызалантып өлтүрүп коюшту. Ушуну акыйкат баамдап, туура чечип берүүңүздү суранам. Өзүмдүн беш уулум бар болсо, бизди багып жаткан ушул уулум болчу", - деп айткан.
ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов Нурлан Асанбековдун уулу 19-октябрда мал уурулукка шектүү катары кармалып, күнөөсү далилденгенин жана 22-октябрда анын асынып алганы боюнча маалымат түшкөнүн тастыктады.
"2018-жылдын 22-октябрында Ак-Суу районундагы Бөрү-Баш айылындагы талаадан жаш жигит бакка жип менен муунуп калгандыгы тууралуу маалымат жергиликтүү милиция бөлүмүнө келип түшкөн. Аталган факты боюнча райондук милициясынын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып анын ким экендигин такташкан учурда ал Бөрү-Баш айылынын 2000-жылы туулган Э.Касымов аттуу тургуну болуп чыккан", - деди Сеитов.
Анын белгилешинче, мал уурулук боюнча териштирүү учурунда 2018-жылдын 19-октябрында Бөрү-Баш айылынын тургуну Ж.К. райондук милицияга арыз менен кайрылган. Арыз ээси 13-октябрда “Кырман кашар” сарайынан белгисиз адамдар тарабынан үч баш кой уурдалганын билдирген. Аталган факты боюнча кылмыш иши ачылып, анын негизинде 18 жаштагы Касымов шектүү катары кармалган.
"Касымовдун каза болгонго чейинки берген түшүндүрмөсүндө 14-октябрга караган түнү ушул айылдын тургунунун үч баш токтусун уурдап атасынын унаасына салып, Каракол шаарынын мал базарына алып барып, 12 миң сомго сатып, ал акчага А.Т. аттуу сүйлөшүп жүргөн кызына туулган күнгө белек катары телефон алып бергенин көрсөткөн. Анын мал уурдагандыгы, базарга саткандыгы тууралуу берген түшүнүгү аудиожазуу түрүндө бар", - деди басма сөз катчы.
Учурда аталган кылмышты иликтеген кызматкерлердин кандай аракет көргөнү иликтенип жатканын айтты.