Биз социалдык тармакта

Кыргыз дзюдочулары беделдүү эл аралык мелдешке катышат

Кыргыз спортчулары Өзбекстанда өтө турган дзюдо боюнча эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынан билдирди.

Аталган мелдеш 9-11-ноябрь аралыгында Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп, ага 48 өлкөдөн 383 дзюдочу, ал эми Кыргыз өлкөсүнөн 11 спортчу катышат. Азыркы тапта спортчулар машыгууларды өткөрүп, мелдешке даярданууда.

Мелдеште катыша турган кыргыз дзюдочулары:

60 килограммга чейинки салмак ченинде: Отар Бестаев жана Баяман Сагынбай уулу;

66 килограммга чейинки салмак ченинде: Артур Те жана Алмаз Алтынбек уулу;

73 килограммга чейинки салмак ченинде: Ишен Аманов жана Бексултан Султанов;

81 килограммга чейинки салмак ченинде: Владимир Золоев жана Эрлан Шеров;

90 килограммга чейинки салмак ченинде: Шахриер Идрисов;

100 килограммга чейинки салмак ченинде: Алманбет Мамазаиров;

100 килограммдан жогорку салмак ченинде: Юрий Краковецкий.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан