УКМК: "Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынак тапшыргандардан акча алганга шектүү чиновник кармалды"

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Бишкек шаардык транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо бөлүмүндө коррупциялык схемалар аныкталды. Бул тууралуу 5-ноябрда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда 2-ноябрда "пара талап кылуу", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "пара берүү" беренелери менен кылмыш иши козголгон. Анын алкагында Бишкек шаардык транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо бөлүмүнүн башчысы А.Н. кармалган.

"Иликтөөнүн жүрүшүндө шектүү айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынак тапшыргандардан жана унааларды каттоодон өткөргөндөрдөн пара алуу боюнча коррупциялык схеманы түзгөнү аныкталды. Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан