Хабиб Нурмагомедов кийинки беттеши үчүн 50 миллион доллар алышы мүмкүн

UFC уюмунун президенти Дэйна Уайт Хабиб Нурмагомедов кийинки беттеши үчүн 50 миллион долларга чейин гонорар алышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бир нече күн мурда Нурмагомедовдун менеджери Али Абдель-Азиз Хабибдин кийинки беттеши үчүн 50 миллион доллар гонорар алууга ниеттенип жатканын билдирген. UFC'нин президенти журналисттерге жооп берип жатып менеджердин айтканы мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин белгилеген.

"Албетте, 50 миллион долларга чейин гонорар алуу мүмкүн. Хабибдин командасы бул тууралуу билишет жана кандай жооп айтылары дагы белгилүү. Алар мындай өлчөмдөгү гонорарды талап кылууга толук укугу бар", - деп билдирген Дэйна Уайт.

Белгилей кетсек, Нурмагомедов 6-октябрда UFC 229 турниринин алкагында Конор Макгрегорду жеңип, жеңил салмактагы чемпиондук титулун коргоп калган. Айрым маалыматтарга ылайык, анын беттештен алган гонорары 2 миллион долларга жеткен.

Азырынча Хабибдин кийинки беттешке ким менен чыгары белгисиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Samar90
2018-11-05 16:08:41
Коп емеспи
+1
newman
2018-11-05 16:19:11
Samar90, Конор Мейвезер менен болгон мушташта ЖЕҢИЛГЕНИ үчүн 130 млн$ алган. А жеңген Мейвезер 300 МЛН$ алды. Анын алдыда бул аз эле суммаго
0
Samar90
2018-11-05 18:54:56
newman,чон рахмат аа бул акча биз учун ото коп
0
Altyn2017
2018-11-05 16:16:37
Хабиб братишка берип турчу мага беш мин доллар карызга мен анан бир убактарда сага кайтарамында азыр деген сага беш мин доллар акча деле эесда.
+3
warcaw
2018-11-05 16:33:08
Хабиб Конорго рахмат айтыш керек даражасын 50 млн.го $ га чыгарып койгону үчүн, ошондой эле чөгүп барып аткан кемени Конор жээке чыгарды, UFC ини эчким мынчалык даражага жеткирген эмес Конордон башкасы
-4
brentfo
2018-11-06 11:49:05
Хабиб утабы утулабы Али белгисиз го!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан