Бишкектеги түнкү клубдардын биринде кыздар арасында мушташ чыкты

Бишкектеги түнкү клубдардын биринде мас абалындагы эки кыз эс алып отурган кызды ур-токмокко алышкан. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте "Metro Pub" түнкү клубунда 4-ноябрга караган түнү саат 03:45те кыздардын мушташканы боюнча маалымат "102" кызматына келип түшкөн. Окуя болгон жерге Ленин РИИБинин ыкчам-тергөө тобу барып, мушташкан кыздар мас абалда болгонун аныкташкан.

Териштирүүдө мас абалдагы 21 жаштагы С.Б. жана 23 жаштагы С.М. клубда эс алып жаткан бейтааныш кыз менен мушташа кетишкен. Андан кийин алар iPhone 6S жана iPhone X10 үлгүсүндөгү телефондорду талкалап салышкан. Ошол күнү жабырлануучу кыз арыз жазып анын денесине жаракат келтирип, телефонун талкалаган кыздарга чара колдонуп берүүнү өтүнгөн. Бул факты боюнча Ленин РИИБинин кызматкерлери 234-беренеси "бейбаштык" менен иш козгоп, териштирүү иштерин баштаганы жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Kairat1996
2018-11-05 19:38:14
Иии секет кетейин менен кыздарым. Бар болгула аман болгула. Кез кезде мушташып да коюш керек. Анча мынча жининерди чыгарып. Эртен баш жазам десенер мага келгиле.
+3
Samar90
2018-11-05 19:54:05
Kairat1996,азыркы кыздар мушташкандыда билбейт чооборулорго окшоп арыз жазышып
-7
Asyl.jazi
2018-11-05 19:41:14
Саяк жүрсөң таяк жейсиң. Түнкү үчтө балээ барбы эс алып. Үйүңдө жылуу төшөккө оронуп эс ал күйдүргүлөр. Жаш жаныңардан мас болуп.
+13
Alia82
2018-11-05 20:33:44
Сүрөтүн кошо чыгарбапсынар да баатырлардын
+12
Gulnyr19
2018-11-05 21:20:28
Айфон6 айфон10 охоо акчаны кайдан алып жатат элдер биз жүрөбүз 13сааттап иштеп үй бүткөрө албай
+12
semirbedim
2018-11-06 08:26:46
ХХХХХХХХ тунку клубда бышырып коюптурбу кыз башы менен анан тууп ар жерге таштап кетишет
+11
XOWO
2018-11-06 08:27:05
Чала болуптур
+7
kechirmeni
2018-11-06 09:05:43
Эс алганына да урганына да урулганына да чала болуптур
+6
talas0707
2018-11-06 11:10:26
Кана динге каршы болгон патриоттор. Буга эмне дейсинер. Ушулбу биздин эркиндик.
+4
kechirmeni
2018-11-06 11:48:27
Кызга кырк уйдон тыюу дейт, кыздарыбызга жашынан тарбия берели туугандар!
+3
bond02
2018-11-06 12:07:41
Тунку саат 3:45те таза адамдар уйдо уктап эс алышат го.
+3
kelemdedin
2018-11-06 12:45:46
Мектептен мечит медресе коп деп салыштыргандар тунку клуб ресторандар менен да салыштырсанар.
+3
ali1995
2018-11-06 13:30:12
Айфон Х эле болчу же Айфон Х10 бу?
-1
Kaary
2018-11-06 15:11:02
Көп баскан адам кык басат! Кудай ушундай кыздарыбызга хидаят берсин!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан