Бүгүн футбол боюнча Өлкө чемпиондугу Топ-Лиганын жыйынтыктоочу оюндары өтөт (оюндардын тизмеси)
Бүгүн, 6-ноябрда футбол боюнча Өлкө биринчилиги Топ-Лиганын жыйынтыктоочу 28-туру орун алат. Анда оюн талаасында "Абдыш-Ата" - "Дордой", "Илбирс" - "Алай" жана "Нефтчи" - "Алга" командаларынын беттештери орун алат.
"Абдыш-Ата" - "Дордой"
Кант шаарында жергиликтүү "Абдыш-Ата" алдын ала чемпиондукту камсыздап койгон Бишкектин "Дордой" командасын тосуп алат. Беттеш "МИС" стадионунда орун алып, саат 14:00дө башталат.
27-турдун жыйынтыгында "Дордой" 65 упай менен 1-орунда жайгашса, "Абдыш-Ата" 55 упай топтоп 3-орунда жайгашкан.
Стадион "МИС", Кант шаары;
Калыс: Дмитрий Машенцев (Ош).
"Илбирс" - "Алай"
Бишкек шаарындагы "Футбол борборунун" талаасында топтолгон "Илбирс" Оштун "Алай" футболдук клубу менен беттешет.
27-турдун жыйынтыгында "Алай" 55 упайга ээ болуп, турнирдик жадыбалда 2-орунда келе жатса, "Илбирс" 18 упай менен 6-орунда келүүдө.
Стадион "Футбол борбору", Бишкек шаары;
Калыс: Спартак Даниленко (Бишкек).
"Нефтчи" - "Алга"
Бишкектин "Алга" футболдук клубу Кочкор-Ата шаарына барып, жергиликтүү "Нефтчи" менен конокто беттешет. Беттеш "Нефтчи" стадионунда өтүп, саат 14:00дө башталат.
27-турдун жыйынтыгында "Алга" командасы 46 упай менен 4-орунда жайгашса, "Нефтчи" 44 упай менен 5-орунда жайгашкан.
Стадион "Нефтчи", Кочкор-Ата шаары;
Калыс: Бахадыр Кочкаров (Ош).
Кечээ, 5-ноябрда 28-турдун алкагында Кара-Балта шаарындагы "Манас" стадионунда жергиликтүү "Кара-Балта" Оштун "Академия" командасын кабыл алган. Беттештин 1-таймында "Кара-Балта" 2:1 эсеби менен алдыда келе жаткан, бирок 2-таймда "Академиянын" футболчулары эсепти тең кылып, андан соң 2:3 кылып жеңишти илип кетти.
Бул жыйынтык менен "Академия" жалпы упайларын 12ге жеткирип, жадыбалда акыркы орунду ээледи. Ал эми "Кара-Балта" командасы 13 упай менен 7-сапта орун алды.
Турнирдик жадыбал: