Кыргыз жеринде туулган Ильзат Ахметов футбол боюнча Орусиянын улуттук курамасына чакырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Ильзат Ахметов Германия менен Швецияга каршы беттештерге Орусиянын кеңейтилген курамына кирди.
Орусия-Германия жолдоштук беттеши 15-ноябрда Германиянын Лейпциг шаарында өтсө, Орусия-Швеция беттеши Улуттар Лигасынын алкагында 20-ноябрда Швециянын Сольна шаарында өтөт. Орусия курама командасы машыгууларын 12-ноябрдан тарта Новогорск шаарында өткөрөт.
Айта кетсек, Ильзат Ахметов буга чейин Орусиянын жаштар курама командасында 6 беттеш өткөрүп, 2 гол жараткан. Акыркы голун Ильзат Ахметов Европа чемпиондугунун тандап алуу этабынын алкагында Македонияга каршы беттеште киргизген.
Орусиянын кеңейтилген улуттук курама командасы: