Футболчу Килиан Мбаппе дүйнөнүн эң кымбат оюнчусу аталды

Франция курама командасынын жана ПСЖ футболдук клубунун оюнчусу, Дүйнө чемпиону Килиан Мбаппе дүйнөдөгү эң кымбат оюнчу аталды. Бул тууралуу CIES Football Observatory изилдөө борбору жарыялаган дүйнөдөгү эң кымбат футболчулардын рейтинги кабар берет.
Аталган рейтингде 19 жаштагы Килиан Мбаппени 216 миллион 500 миң еврого баалашкан. Ал Гарри Кейн жана Неймарды артка калтырган. Мбаппе 200 миллиондон ашык еврого бааланган жалгыз оюнчу болду.
Футбол боюнча Дүйнөнүн дагы бир чемпиону Самюэль Умтити 99 миллион 200 миң еврого бааланып эң кымбат борбордук коргоочу аталды. Ал эми Деле Алли 163 миллион 4 миң еврого, Трент Александер-Арнольд 96 миллион 400 миң еврого бааланып эң кымбат коргоочулардын сап башына жайгашышкан. Эң кымбат дарбазачы деп 102 миллион еврого бааланган "Манчестер Ситинин" дарбазачысы Эдерсон аталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
KAYRATBEK
2018-11-06 15:02:10
Самюэль Умтити, Погба, Усман Дембеле, Мане, М.Салах, Булар мусулман туугандарыбыз.
+3
warcaw
2018-11-06 18:28:36
Мессичи месси
-1
Dembele84
2018-11-07 10:50:18
warcaw,Месси алтынчы орунда
0
erjigit-e.15
2018-11-06 18:50:08
Мбаппенин жылы канча экен
+1
Adi.Avazbekov
2018-11-06 20:27:02
erjigit-e.15,1999
-2
asdef
2018-11-06 21:59:23
erjigit-e.15,98
0
Kanybek121195
2018-11-06 21:41:01
Реалга өтсө жакшы болот эле Мбаппе менен Азар.
+1
Hernandez
2018-11-07 04:15:29
Деле Алли чабуулчу
-3
Dembele84
2018-11-07 10:51:32
Hernandez,Атакующий полузащитник
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан