Чемпиондор Лигасы: Бүгүн 4-тур старт алып, "Барселона", "Ливерпуль", "Атлетико" жана башка командалар беттештерин өткөрөт

6-ноябрдан 7-ноябрга караган түнү Европадагы эң беделдүү футболдук мелдештин бири - Чемпиондор Лигасынын 4-турундагы оюндар орун алат. Бул күнү 4 тайпадагы командалар өз ара беттешип турнирдик жадыбалда алдыңкы орундарга көтөрүлгөнгө аракет жасашат.

Күндүн башкы беттеши катары "Интер"-"Барселона", "Атлетико"-"Боруссия" жана "Наполи"-"ПСЖ" клубдарынын ортосундагы оюндарды саноого болот.

"А" тайпасы

"А" тайпасынын алкагында "Монако"-"Брюгге" жана "Боруссия"-"Атлетико Мадрид" командаларынын беттештери орун алат. 3 турдун жыйынтыгында "Боруссия" 9 упай менен 1-орунда жайгашса, 2-орунда 6 упай менен "Атлетико Мадрид" болсо, 3-4-орунда 1ден упайга ээ "Монако" менен "Брюгге" командалары жайгашкан.

"Монако" (Франция) - "Брюгге" (Бельгия);

Бул беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 23:55те башталат.

"Боруссия" (Германия) - "Атлетико Мадрид" (Испания);

Бул беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 02:00дө башталат.

"В" тайпасы

"В" тайпасынын алкагында "Интер"-"Барселона" жана "Тоттенхэм"-"ПСВ" командаларынын беттештери орун алат. 3 турдун жыйынтыгында "В" тайпасынын жадыбалында 1-орунда 9 упайга ээ "Барселона", 2-орунда 6 упай менен "Интер", 3-4-орунда 1ден упайга ээ "Тоттенхэм" менен "ПСВ" командалары.

"Интер" (Италия) - "Барселона" (Испания);

"Тоттенхэм" (Англия) - "ПСВ" (Голландия);

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 02:00дө башталат.

"С" тайпасы

"С" тайпасында "Црвена Звезда"-"Ливерпуль" жана "Наполи"-"ПСЖ" командаларынын беттештери өтөт. Бул тайпадагы жадыбалда 1-орунду 6 упайга ээ "Ливерпуль" командасы ээлеп жатса, 2-орунда 5 упай менен "Наполи" болсо, 3-орунда 4 упайга ээ "ПСЖ" жана 4-орунда 1 упайга ээ "Црвена Звезда" жайгашкан.

"Црвена Звезда" (Сербия) - "Ливерпуль" (Англия);

Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 23:55те башталат.

"Наполи" (Италия) - "ПСЖ" (Франция);

Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 02:00дө башталат.

"D" тайпасы

D" тайпасынын алкагында "Порту" менен "Локомотив" кез келсе, "Шальке" "Галатасарай" менен күч сынашат. Турнирдик жадыбалда 1-орунда 7 упай менен "Порту", 2-орунда 5 упайга ээ "Шальке", 3-орунда 4 упай менен "Галатасарай" болсо, 4-орунда упайсыз "Локомотив" командасы жайгашкан.

"Порту" (Португалия) - "Локомотив" (Орусия);

"Шальке" (Германия) - "Галатасарай" (Түркия);

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 02:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Dembele84
2018-11-06 15:31:54
Барселона бугун женсе группадан чыгат.Алга Барса!!!
0
Edil2991
2018-11-06 15:46:37
Dembele84,уже чыккан группадан Интер менен барса.
-2
Dembele84
2018-11-06 16:50:56
Edil2991,Так маалыматын жок болсо жон эле урдурганды койсон!Алдыда дагы уч оюн бар,Тотенхэм и ПСВ да бирден очко болгону менен аларда да шанс бар группадан чыкканы.
+1
Rembo2018
2018-11-06 15:37:21
Монако жана локомотив утса екен оюндарын
-1
Rembo2018
2018-11-06 15:37:38
Монако жана локомотив утса екен оюндарын
0
Edil2991
2018-11-06 15:45:21
Rembo2018, экоо тен бугунку оюнда минден гол киргизишсе дагы группадан чыкпай.
-2
Dembele84
2018-11-06 16:55:21
Edil2991, Алдыда уч оюнда баары алмашып кетиши мумкун,баарында шанс бар.Копчулук группадагы оюндар бугун эртен чечилет,ким биринчиден группадан чыгышы чыкпашы
+1
Rembo2018
2018-11-06 15:38:24
Монако локомотив алга
-1
Modric10
2018-11-07 10:40:43
Rembo2018,башка команда тааныбайсынбы
0
Daniel01
2018-11-06 16:39:24
Интер нароли порту женет буйурса
-1
Modric10
2018-11-06 19:57:17
Псж бугун 3 упай албай калса группадан чыга албайт
0
ArgenMers
2018-11-06 20:11:34
Наполи&ПСЖ кызык болот
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан