Күрөш боюнча Дүйнөнүн вице-чемпиону Жоламан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтингде 3-орунга көтөрүлдү

Грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбандар Жоламан Шаршенбеков жана Атабек Азисбеков дүйнөлүк рейтингде өз салмак категорияларында 3-орунга көтөрүлүштү. Аталган рейтинг Бириккен күрөш түрлөрүнүн эл аралык федерациясынын сайтында жайгашкан.

Жоламан Шаршенбеков

Анда 55 килограммга чейинки салмак ченинде кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков 3-орунга көтөрүлдү. Ал рейтингдик мелдештерге катышып, жалпы 61 упай топтоду. Шаршенбеков 2018-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунда жана Венгрияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда күмүш медалдарды тагынган. Бул салмак ченде 1-орунда 79 упай менен түркиялык Екрем Озтүрк жайгашса, 2-орунда 66 упайга ээ азербайжандык Эльдениз Азизли орун алды.

Айта кетсек, Дүйнө биринчилигинде Жоламан Шаршенбеков жарым финалда Екрем Озтүрктү 9:0 эсеби менен утуп, финалда Эльдениз Азизлиге 0:10 эсебинде утулуп калган.

Атабек Азисбеков

82 килограммга чейинки салмак категорияда күч сынашкан кыргыз балбаны Атабек Азисбеков дүйнөлүк рейтингде 3-орунду ээледи. Азисбеков рейтингдик мелдештерде жалпы 77 упай топтой алган. Ал Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунун финалында казак балбанынан жеңилип калып күмүш медалга ээ болсо, Дүйнө биринчилигинде коло медаль үчүн күрөшүп, жеңилип калган. Бул салмак ченде 1-орунда 81 упай менен белорустук Виктор Сасуновски болсо, 2-орунда 78 упай менен түркиялык Емрах Кус жайгашкан.

Каныбек Жолчубеков, Калы Сулайманов

60 килограммга чейинки салмак ченинде буга чейин 1-орунду ээлеп келген Каныбек Жолчубеков учурда 8-сапка түшүп калды. Ал рейтингдик мелдештерде жалпы 50 упай топтогонго жетишкен. Жолчубеков 2018-жылы Азия чемпиондугунда коло медалды тагынган.

Бул салмак ченде дагы Калы Сулайманов бар, ал 39 упай топтоп 10-орунда жайгашкан. Сулайманов Венгрияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда жарым чейрек финалда жеңилип калып, 7-орунга ээ болгон.

Урмат Аматов

63 килограмм салмак ченинде күрөшкөн Урмат Аматов рейтингдик мелдештерге катышып, 41 упай менен бул салмак категорияда 9-орунду ээледи. Урмат Аматов Азия чемпиондугунда финалдык бөлүккө чейин жеткен. Бирок, тилекке каршы, жеңилүү ызасын тартып, күмүш медалдын гана ээси болгон. Дүйнө чемпиондугунда Урмат Аматов 12-орунда жайгашып калган.


Акжол Махмудов

Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз капчыгына жалгыз алтын медаль алып келген Акжол Махмудов дүйнөлүк рейтингде 72 килограммга чейинки салмак ченинде 9-орундан 19-орунга чейин төмөндөдү. Ал Азия биринчилигин жеңген соң дароо 2-орунга көтөрүлгөн болчу.


Дүйнөлүк рейтингде орун алган кыргыз балбандар:

55 килограммга чейинки салмак ченинде: Жоламан Шаршенбеков - 3-орун;

82 килограммга чейинки салмак ченинде: Атабек Азисбеков - 3-орун;

60 килограммга чейинки салмак ченинде: Каныбек Жолчубеков - 8-орун;

77 килограммга чейинки салмак ченинде: Кайрат Туголбаев - 8-орун;

63 килограммга чейинки салмак ченинде: Урмат Аматов - 9-орун;

130 килограммга чейинки салмак ченинде: Мурат Рамонов - 13-орун;

72 килограммга чейинки салмак ченинде: Акжол Махмудов - 19-орун.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан