Милиция жол кырсыгынан каза болгон эркек кишинин ким экендигин аныктоого жардам сурайт

Токмок ШИИБинин кызматкерлери жол кырсыгынан каза болгон эркек кишинин ким экендигин билүүгө жардам берүүнү өтүнөт.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Торугарт унаа жолунда 6-октябрь күнү саат 21:45 чамасында жол кырсыгы катталган. Анда болжол менен жашы 35-40 чамасындагы европа түспөлүндөгү эркек киши каза болгон.

Өзгөчө белгилери: бою 165-170 сантиметр, чачы күрөң түстө, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: көк түстөгү жынсы, ак футболка, кара түстөгү бут кийим.

Эгерде кимдир-бирөө сүрөттөгү жаран тууралуу маалымат болсо, төмөндөгү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефондору: 0(313) 86-31-02, 0 (701) 03-10-38.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан