Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасын аткандар кармала элек. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
"Өзүнүн үйүнүн короосунан белгисиз адамдар атып кеткен Б.К.нын окуясына күнөөлүү кармала элек. Учурда милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, Баткен облусунун Лейлек районунда айылдык кеңештин төрагасын 5-ноябрдан 6-ноябрга караган түнү атып кетишкен. Ал эми Баткен облусунун администрациясынын басма сөз кызматкери төраганын абалы оор экенин билдирген.