Чемпиондор Лигасы: "Интер" өз талаасында испаниялык "Барселонаны" ута албай койду. Англиялык "Ливерпуль" конокто сербиялык "Црвена Звездадан" утулуп калды

7-ноябрга караган түнү Европадагы эң беделдүү футболдук мелдештин бири - Чемпиондор Лигасынын 4-турундагы оюндар старт алды. Анда оюн талаасында 4 тайпадагы 16 команданын беттеши орун алды.

Бул күнү италиялык "Интер" өз талаасында испаниялык "Барселонаны" ута албай койсо, англиялык "Ливерпуль" конокто сербиялык "Црвена Звездадан" утулуп калды.

"Интер" (Италия) - "Барселона" (Испания)

Италиянын Милан шаарындагы Сан-Сиро стадионунда "Интер" испаниялык "Барселонаны" кабыл алды. Беттештин 83-мүнөтүндө "Барселона" Малколмдун голу менен эсеп санын ачып алдыда келе жаткан. Бирок 5 мүнөттөн кийин "Интердин" оюнчусу Икарди айырмаланып, эсепти тең кылып, командасын жеңилүүдөн сактап калды.


"Црвена Звезда" (Сербия) - "Ливерпуль" (Англия)

Сербиянын Белград шаарында жергиликтүү "Црвена Звезда" англиялык "Ливерпулду" тосуп алды. Райко Митич атындагы стадиондо орун алган беттеш 2:0 эсебинде талаа ээлеринин жеңиши менен аяктады. Беттештин жүрүшүндө Милан Павков 2 жолу айырмаланып, командасына жеңиш алып келди.

"Атлетико Мадрид" (Испания) - "Боруссия" (Германия)

Испанияда "Атлетико Мадрид" командасы германиялык "Боруссия" командасы менен кездешти. Ванда Метрополитано стадионунда орун алган беттеште талаа ээлери 2:0 эсебинде утуп алганга жетишти. Беттештин жүрүшүндө Сауль Ньигес эсеп санын ачса, 80-мүнөттө Антуан Гризманн дарбазачы менен бетме-бет кез келип, гол жаратканга жетишти.

"Монако" (Франция) - "Брюгге" (Бельгия) - 0:4;

"Тоттенхэм" (Англия) - "ПСВ" (Голландия) - 2:1;

"Наполи" (Италия) - "ПСЖ" (Франция) - 1:1;

"Порту" (Португалия) - "Локомотив" (Орусия) - 4:1;

"Шальке" (Германия) - "Галатасарай" (Түркия) - 2:0;

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
murat17
2018-11-07 17:41:26
Ливерпульга эмне болду
-1
Modric10
2018-11-07 18:31:26
murat17,жаман болду а
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан