Бишкекте 4 ымыркай сатканы аныкталып, камакка алынган медицина кызматкерлеринин бири үй камагына чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда SUPER.KG'ге күч органдарындагы ишенимдүү булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, бала сатууга шектелип кармалган гинекологдордун биринин иши 5-ноябрда Биринчи Май райондук соту тарабынан каралган. Жыйынтыгында сот анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.
25-сентябрда ИИМдин коллегиялык жыйынында Бишкек ШИИББинин башчысы Сталбек Рахманов ымыркай сатууга шектелген 5 дарыгер соттун чечими менен СИЗО-1ге 2 айга камакка алынганын жана алар тарабынан 4 ымыркай сатылгандыгы аныкталганын билдирген. Буга чейин бала сатууга шектелип кармалган медицина кызматкерлерине "адам сатуу", "жасалма документ жасоо", "мыйзамсыз аборт жасоо" беренелери менен кылмыш иштери козголгон.
Белгилүү болгондой, бала сатууга шектелип кармалгандар - №1-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 1 гинекологу, №18-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 2 гинекологу, дагы экөө Бишкектеги төрөт үйлөрдүн биринин кызматкерлери экени айтылган.