ЖЫЛНААМА, 7-НОЯБРЬ: Дүйнөнүн мыкты дарбазачыларынын бири Давид де Хеа 28 жашка чыкты

Бүгүн, 7-ноябрда дүйнөнүн мыкты дарбазачыларынын бири, Испания улуттук курама командасынын жана англиялык "Манчестер Юнайтед" футболдук клубунун негизги дарбазачысы Давид де Хеа 28 жашка чыкты.

Балалык кези

Давид де Хеа 1990-жылы Мадрид шаарында жарык дүйнөгө келген. Анын атасы өз убагында "Хетафе" футболдук клубунун дарбазачысы болчу. Давид де Хеа үй-бүлөнүн жалгыз баласы.

Давиддин атасы Хосе де Хеа жана апасы Мариви Кинтана уулуна татыктуу билим берип анын спортко болгон жөндөмүн өнүктүргөн. Давид де Хеа кичине кезинен окууда жана спортто ийгиликттерге жетип, апасын кубантып турчу.

10 жашында ал мектептин футболдук курамына кирип, жарым коргоочу жана чабуулчу катары ойногон. Давид де Хеанын өспүрүм кезинде эле өзү теңдүү балдардан бою узун болгондуктан, кээде дарбазачы да болуп турган.

13 жашында Давид де Хеа "Атлетико Мадрид" футболдук клубуна кабыл алынат. Клубдун негизги оюнчусу кылуу үчүн машыктыруучу Хуан Луис Мартин жетекчиликке Давидди башка футболдук клуб сатып алууну каалап жатат деп билдирген. Мындан улам анын башка клубга кетип калышын каалабаган жетекчилик аны негизги оюнчу катары кабыл алууга макулдук берет. Ушул клубда де Хеа дарбазачы болууну чечет.

Давид де Хеанын карьерадагы өсүшүнө чоң салымды анын атасы кошкон. Мурунку дарбазачы уулу менен машыгуулады өткөрүүгө бир топ убакыт бөлүп, ар убак Давидди колдоп жана кеңештери менен жардам берип турат.

"Атлетико"

Давид де Хеа 2008-жылы 17 жашында "Атлетико" менен профессионалдык келишимин түзөт. Ал кезде де Хеа клубдун 3-дарбазачысы болгон. 2009-жылы Давид де Хеа португалиялык "Порту" клубу менен беттешке чыкканга мүмкүнчүлүк алат. Беттеш "Атлетиконун" жеңиши менен аяктабаса дагы машыктыруучу де Хеанын оюнун жакшы деп эсептеген. Мындан улам де Хеа "Ла Лиганын" алкагындагы беттештерге катышып, дарбазаны мыкты коргогону үчүн клубдун негизги дарбазачысы болгон.

2009-2010-сезон "Атлетико Мадрид" үчүн ийгиликтүү болуп, клуб 48 жылдан соң Европа Лигасынын кубогун жеңип алат. Бул жеңишти алып келгендердин бири катары Давид де Хеа аталган. Анын талантын көргөн соң дүйнөнүн мыкты клубдары ага кызыкдар боло баштайт.

"Манчестер Юнайтед"

2011-жылы "Манчестер Юнайтед" футболдук клубунун легендарлуу дарбазачысы Эдвин ван дер Сар карьерасын жыйынтыктагандан улам, клуб анын ордун алмаштырганга дарбазачы издеп баштайт. "Манчестер Юнайтеддин" тандоосу жаш жана көптү үмүттөндүргөн Давид де Хеага токтойт. Бирок "Атлетико" клубунун жетекчиси оюнчуну коё бергиси келген эмес. Дарбазачы жаштар арасындагы Европа чемпиондугуна абдан керек болгон.

Испаниянын жаштар курама командасы Европа чемпиондугунда жеңишке жеткен соң Давид де Хеа "Манчестер Юнайтедге" өтөт. Клубдардын ортосундагы келишим ошол убакыттагы дарбазачы үчүн рекорддук баа 18,9 миллион фунтка түзүлгөн.

"Манчестер Юнайтеддин" курамындагы карьеранын башталышы де Хеа үчүн оңойго турган жок. Алгачкы эки беттеште Давид де Хеа жакшы оюн көрсөтө алган эмес. Бирок үчүнчү беттеште де Хеа дарбазаны мыкты тосуп, гол киргиздирбей таза сактап калат.

Ошол кезден тарта Давид де Хеа дүйнөнүн мыкты клубдарынын биринин башкы дарбазачысы болуп келет. 2015-жылы "Манчестер Юнайтед" менен де Хеанын ортосундагы келишим 4 жылга узартылып, учурда келишимди узартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Испания курама командасы

Давид де Хеа ошондой эле Испания курама командасында ойнойт. Испания курамындагы карьерасын де Хеа жаштар курама командасында баштап, аны менен рекорддук 27 беттеш өткөргөн. 2011-2013-жылдары Давид де Хеа Испаниянын жаштар курама командасы менен Европа чемпиондугун багындырган.

2012-жылы де Хеа Олимпиада оюндарына катышып, 2014-жылы Испаниянын улуттук курама командасында дебют жасайт. Азыркы тапка чейин де Хеа Испания курама командасы менен 37 беттеш өткөргөн.

Жеке жашоосу

Давид де Хеа учурда испаниялык ырчы, алып баруучу жана модель Эдурне Гарсия Альмагро менен жылуу мамиледе. Эдурне дарбазачыдан 5 жашка улуу. 2015-жылы Эдурне Гарсия Евровидение сынагына катышкан, бирок ийгилик жарата алган эмес. Сынактын жыйынтыгында ырчы 21-орунду ээлеп калган.

2012-жылы дарыгерлер де Хеага алысты жакшы көрө албайт деген диагноз коюшкан. Бактыга жараша, көзүнүн көрүүсү анын оюн ойноосуна жана карьерасына терс таасирин тийгизген эмес. Оюн талаасына чыкканда дайыма линза колдонот.

7-ноябрдын жылнаамасы.

Дүйнөдөгү мыкты дарбазачылардын бири Давид де Хеа 28 жашка чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
cholpon119966
2018-11-08 00:33:54
Куттуктайбыз Сапсарыш)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан