Окумуштуулар дүйнө жүзүндөгү эң коркунучтуу жырткыч мышыкты аташты. Бул тууралуу LiveScience илимий порталы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, мышык тукумундагылардын ичинен эң коркунучтуу деп буга чейин гепард жана арстан эсептелсе, окумуштуулар эң коркунучтуу деп африкалык кара буттуу мышыкты аташты.
"Кара буттуу мышыктын салмагы 3 килограммга чейин жетет, бирок ал чоң леопард 6 айда өлтүргөндөй олжону бир түн ичинде өлтүрө алат. Кара буттуу мышыктар зат алмашуусун ылдамдатуучу касиетке ээ, мындан улам алар тез-тез тамактанып туруусу зарыл", - деп жазылат маалыматта.
Бир түн ичинде анча чоң эмес бул жаныбарлар 10дон 14кө чейин олжого кол салышат. Орто эсеп менен алар 50 мүнөт сайын бир жаныбарга кол салып, тамактанып турушат.