Ошто 16 жашында көз жарган эненин окуясы. Кызды күйөөгө берген ата-энеге жана нике кыйган имамга кылмыш иши козголо турганы белгилүү болду

Ош шаарында 16 жаштагы кыздын көз жарганы боюнча териштирүү иштери улантылууда. Кызды 15 жашында күйөөгө берген ата-энеге жана нике кыйган имамга кылмыш иши козголо турганын 7-ноябрда SUPER.KG'ге облустук милициядан кабарлашты.

"Учурда бул факт боюнча териштирүү улантылып жатат. Иликтөө иштеринин алкагында, көз жарган 16 жаштагы эне 15 жашында турмушка чыкканы аныкталды. Ал бир жылдай убакыттан бери күйөөсү менен жашап келгендиги да белгилүү болду. Кыздын ата-энеси аны 9-классты аяктаган соң эле турмушка берип койгондугун билдиришти. Алардын айтымында, кыз мектепте окубай калгандан кийин аны турмушка узатышкан. Учурда кыз менен күйөөсүнүн никесин кыйган имамды, анын күйөөсүн, эки тараптын ата-энелерин жоопко тартуу маселеси каралууда. Жакынкы убакыт аралыгында чогултулган материалдар прокуратурага өткөрүп берилип, кылмыш иши козголот", - деп билдиришти облустук милициядан.

Белгилүү болгондой, 2002-жылы туулган жаш эне Өзгөн районунун тургуну. Ал Ош шаарындагы төрөтканалардын биринде 28-октябрда көз жарган. Кыз алгач жашын жашырып, кийин төрөт үйүнөн чыгып жатканда жашы жете элек экендиги белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
bek_tash
2018-11-07 14:28:02
Эми жакшы эле жашап жатышса, жөн эле койбойсуңарбы?
+35
Gulnyr19
2018-11-07 14:29:23
bek_tash,ошода бир үй-бүлөнү бузбай
+30
Frunze2
2018-11-08 09:29:54
bek_tash, Бул адам олтурду эле дегендерге зато кун толоп берди го деш керекпи?! Кылмышкер болсон камалбашын керекпи?!!

Мыйзам коз коруно бузулуп жатса, туура деш керекпи?!!

2 жашты эч ким ажыраштырып жаткан жок. Бирок мыйзамды бузганы учун нике окуган имам, ата-энелер жоопко тартылышы керек...

Кыз уурдаса кылмыш деп бакырып чыгасынар. 15 жашында кызын куйоог
-5
aman0296
2018-11-08 13:20:26
Элдер озунор кызыксынар, бир нерсе болсо эле мыйзам иштебейт деп чыгасынар. Семейный кодекс боюнча 18 жашка чыккындан кийин уй булоо курса болот. Эгер боюнда болуп калса 17 жаштан тийсе болот. Мыйзам баарына бирдей
+2
Suluuushka
2018-11-07 14:43:56
Жон эле койушпаптыр ушул жоопко тартканды башка иштери жоктой. Канча жашы жете элек кыздарды алдап ара жолго таштап кетип жатышат ошолорду жоопко тартпайсынарбы. Бир жакшына жашап жаткандарга тийишпей
+24
Mavlyuda
2018-11-08 07:36:02
Suluuushka,Туптуура.Эрте күйөөгө берип ата-энелер туура эмес кылышкан. Бирок болору болуп боеосу канган соң, тынч жашап жаткан үйбүлөгө тийишпей эле коюшпайбы. Андан көрө болбогон себеп менен ажырашып жаткандарды карашпайбы. Бузулуп жаткан үйбүлөлөргө жол көрсөтүшпөйбү. Эне-баланын да ден соолугу жакшы болгондон кийин, инвалид төрөлсө анда бир жөн. Жакшы жаңылык тапкансып ......
+4
Asyl10
2018-11-08 14:26:02
Suluuushka,Мыйзамды бузуп жашы жете элек кызды куйоого берип,нике окуган. Жоопко тартылышпаса эртен боло берет экен деп кыздарды илгерки замандай кылып 9-10 жашында кары,бай кишилерге эрге сатып жиберишет. Кыргызстан онукпой эле кайра деградация болуп жататАларды ажырашсын деп сот чечим чыгарбайт, ата-энеси,имам жоопкерчиликти билуулору керек.Административдик жаза алышат, штраф толошот. А берки келин куйоосу ,баласы менен чогуу эле жашай беришет. Туура эле
+3
kechirmeni
2018-11-07 15:48:12
Эч кимден арыз жок болсо кантип козгошот, негизи эле козгоп не кылышат бир жакшына жашап жатышат, келин жакшына болуп тороп алды ак нике менен,канчалагандар зынаа кылып никесиз канча балдар торолуп атат, кыйын экен ошолорго козгобойбу, илгери ата бабаларыбыз энелерибиз ушул жашта эле баш кошушкан.
+2
Frunze2
2018-11-08 09:32:53
kechirmeni, Мыйзам деген нерсени билесинби?!

Биз светтик олкодо жашайбыз, шарият мыйзамына эмес, олко мыйзамына баш ийебиз. Ал жерде турмуш куруу боюнча так жазылган. 15 жашында кызын турмушка узатуу, жашы жете электерге нике окуу баары кылмыш, мыйзамды бузуу. Демек жазаланышы керек.

Сен бир адам олтурсон, устунон арыз тушмойунчо журо бересинби эркиндикте, андай болбойт...
+2
J1irg
2018-11-07 15:54:41
Имамды, молдолорду камагыла. Молдолор элдин башын айлантып бутурушту. Имамдар нике кыйып койсо эле уй було туруктуу болуп кетпейт. Азыр имамдардын 2-3 тон аялдары бар. Анан кантип молдолорго ишенесинер билбейм. Кудайдын калпын айткан молдолор аман эле болушсун. Молдону укпагыла.
-15
newman
2018-11-07 17:04:11
J1irg,ушу сизди жакшы көрөмда тууган. Качан болсо эле ачууланып жүрөсүз. Мен сапарда алыста жүрүп сакал бир аз өсүп кетти. Мени да жаман көрүп калбайсызбы? Сиздин жардамыңыз менен мына көп ислам карманган жаштарды оңдойбуз. Таза кийим, Туура сүйлө деп айтып атамын. Бул жактагы башка диндегилер жаман көрүп атат деп эскерип атамын
0
Tunerbei1812
2018-11-07 18:54:28
J1irg,Никеси жок кантип жашайт анда.
0
Frunze2
2018-11-08 10:13:59
Tunerbei1812,

Мыйзам жашы 18ге толо элек жарандарга уйлонууго жана аларга нике кыюга тыю салат.

Бар, мыйзамдарды окуп кел!!!
+3
Aikaaaa
2018-11-07 15:57:14
Өйдөдө комментарийлер туура, бирок кызды да ойлош керек го, кичинекей эч нерсени билелек бала кезинде күйөөгө берип салышат. Өзү бала боюнча, бала төрөп, бала басты болуп отурат
+9
Mavlyuda
2018-11-08 07:36:45
Өзбек туугандар окшойт. Эрте күйөөгө берип ата-энелер туура эмес кылышкан. Бирок болору болуп боеосу канган соң, тынч жашап жаткан үйбүлөгө тийишпей эле коюшпайбы. Андан көрө болбогон себеп менен ажырашып жаткандарды карашпайбы. Бузулуп жаткан үйбүлөлөргө жол көрсөтүшпөйбү. Эне-баланын да ден соолугу жакшы болгондон кийин, инвалид төрөлсө анда бир жөн. Жакшы жаңылык тапкансып ......
-5
Frunze2
2018-11-08 10:15:01
Mavlyuda, бугун унчукпай койсо, эртен башкалары чыгат.....
+3
nemo2016
2018-11-08 11:40:16
Токтор бир жакшына уйбулонун турмушун талкалайт экенсинерда
+1
warcaw
2018-11-08 12:01:54
Акча талап кылышатда Имамдан ата энелерден мынча акча берсеңер ишти жабабыз деп эээ качан оңолобуз кыргыз эли баардык жерде корупция...
0
JaneEr
2018-11-08 12:20:59
Андан коро алдап боюнда кылып албай койгондор канча ошолорду кармабайбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан