Хабиб Нурмагомедовго Дагестандын президентинин жардамчысы болуу сунушталды

Дагестан өлкөсүнүн башчысы UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовго өлкөнүн эң жогорку даражадагы сыйлыгын тапшырды. Бул тууралуу спортчу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Бүгүн республика башчысы Владимир Васильев мени жана атамды жылуу кабыл алып, Дагестан Республикасынын өнүгүүсүнө кошкон салымыбыз үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды", - деп жазган спортчу.

Ошондой эле жергиликтүү басылмалар жазып чыкканына таянсак, спортчуга өлкө башчысы анын жардамчысы болуу сунушун айткан. Бул маселе алардын кийинки жолугушуусунда каралат.

"Дагестан Республикасынын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн" - өлкөдөгү эң жогорку даражадагы сыйлык. Аталган сыйлык илим, маданият жана спорт жаатындагы ири жетишкендиктер үчүн ыйгарылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Pirimkul
2018-11-07 15:22:09
Куттуктаймын!!!
0
marmiladka9
2018-11-07 15:58:41
бизге да жуксун! Азамат экен!
0
J1irg
2018-11-07 16:17:44
Ушул дагестан чечендер ХХХХХХХ. Союз убагында эмне деген маданий, искуство кызматкерлери чыккан. Азыр анын бири да жок. Башчысы баш болуп, аялы тош болуп арабташып кетишкен.
-6
newman
2018-11-07 16:56:45
J1irg,э тууган кыргыздарга асылчу элең:). Бул сапар Дагестан өлкөсүнүн тургундары. Ислам динин карманган адамды арабташкан деп ачууланганча көчөгө чыгып жакыныңды, кошунаңды өзүңдүн баамында туура деген жолго салганың дурус. Мен да сага ачууланганча ажыкелердин сабагын карайын. Ийгилик тууган. Сизди жакшы көрөм
-2
Boobek_5
2018-11-08 00:23:42
Дагестан президенти кыргызга окшош экен
0
newman
2018-11-08 05:09:51
Boobek_5, казак
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан