2020-жылы өтүүчү футбол боюнча жаштар арасындагы (U-23) Азия чемпиондугундагы Кыргыз олимпиадалык курама командасынын атаандаштары белгилүү болду.
Чүчү кулак аземи бүгүн, 7-ноябрда Малайзиядагы Азиянын футбол конфедерациясынын штабында орун алды. Чүчү кулактын жыйынтыгында 44 команда 11 тайпага бөлүнгөн. Кыргыз олимпиадалык курама командасы "Е" тайпасына кирип, Иордания, Сирия жана Кувейт курама командалары менен кез келет.
Тайпалык баскычтын жыйынтыгында 11 тайпанын жеңүүчүлөрү жана 2-орунду ээлеген 4 команда финалдык этапка аттанат. Финалдык этап Таиландда 2020-жылы 8-26-январь аралыгында өтөт.